Жылкылардын оорудары жөнүндө маалымат
МЫТ (Сакоо)

Мыт - бул негизинен жаш малдарды жабыркатуучу эң кеңири тараган оорулардын бири болуп эсептелинет.

Оору негизинен үйүрдө багылган жылкылардан бири-бирине жугат. Оору лимфа бездеринин, айрыкча субмандибулярдык түйүндөрүнүн сезгенүүсүү жана олуттуу калыңдоосуу аркылуу билинет. Оорулуу жылкылардын температурасы көтөрүлүп, көп өтпөй мурундан ириңдүү агыш чыгат. Кийинчерээк лимфа бездеринде ириңдүү жаралар пайда болушат.

Ооруган малдар жылуу сарайларга жайгаштырылып, тийиштүү диеталык тоют менен камсыздалып, жылуу суу берилиш керек. Пенициллин антибиотиктерин колдонуу керек, анткени жакшы натыйжа берет. Дарылоо өз убагында башталса, оорунун жыйынтыгы жакшы болот

Чоң жылкылар бул оорудан катуу жабыркайт, оорудан айыккан жылкылардын туруктуу иммунитети пайда болуп, кайталануучу оорулар өтө сейрек кездешет.


ИНФЕКЦИОНДУК АНЕМИЯ (Жугуштуу оорулар)

Инфекциондук анемия жугуштуу оорулардын арасынан ото оор болуп эсептелинет, ошондуктан жылкылар инфекциондук анемия менен ооруганда изоляцияга (карантинге) алыныш керек, же уктатууга дуушар болушат. Оору кан соргуч курт-кумурскалар, көбүнчө жылкы чымындар аркылуу жугат.

Оорунун негизги патологиялык таасири болуп эритроциттердин бузулушу жана жилик чучугунун гемопоэтикалык функциясынын басылышы саналат. Бул оору жашыруун же оор абалда курч түрүндө өтүшү мүмкүн. Бул аттын жалпы абалына жана аны багуунун шартына жараша болот.

Бул оорудан жылкылардын өлүмү өтө жогору болуп эсептелинет, кээ бирде 80 пайызга чейин жылкылардын санын азайтат.

Оорунун негизги белгиси - температуранын мезгил-мезгили менен 40-41 градуска чейин көтөрүлүшү, жана катуу ысытма. Көбүнчө былжыр челдин саргайуусу жана аларда так кан агуулар байкалат, курсак бөлүгүндө шишип, тамырдын кагышы бир топ жогорулашы мүмкүн. Оорулуу бээлер боюнан тушушу мүмкүн.





Инфекциялык анемиянын так диагнозун лабораториялык текшерүү аркылуу гана коюуга болот. Инфекциялык анемияга каршы иммунитет өтө туруксуз жана аны эмдөө аркылуу түзүү дээрлик мүмкүн эмес.

Ооруну өзгөчө курч мезгилинде дарылоо натыйжасыз, ошондуктан диагнозу тастыкталса, же оорунун белгилери пайда болсо жылкыларды союш керек.

Вирус алып жүрүүчү жылкыларды башка малдан бөлүп коюу керек. Инфекциондук анемия катталган чарбалардан жылкыларды экспорттоо чектелген.