РДФ укуктук, экономикалык жана социалдык экспертизаларды жүргүзүүгө адистешкен. РДФ эксперттери социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт, жергиликтүү контекстти жана инновациялык методдорду эске алуу менен изилдөө стратегиясын жана методологиясын аныкташат, изилдөө куралдарын иштеп чыгышат, изилдөө темалары боюнча тренингдерди өткөрүшөт жана жергиликтүү шарттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган талдоолорду жүргүзүшөт.
РДФ анкеталоону, фокус-топторду, кырдаалдык талдоолорду жана бүткүл өлкө боюнча изилдөөнүн башка ыкмаларын жүргүзүү боюнча зор тажрыйбасы бар кесипкөй эксперт-интервьюерлердин тармагына ээ.
РДФтин адистери жер, жайыт жана суу реформасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, айыл чарбаны өнүктүрүү, борборлоштуруу маселесин ыңгайлаштыруу, айыл жамааттарды колдоо, гендердик маселелер, салттуу билим, жаратылыш ресурстарды башкаруу айланасындагы конфликттер жана башка көйгөйлөр боюнча изилдоо жүргүзүшөт.