COVID-19 пандемиясы учурунда жардам
Сорос Фондусунун колдоосу менен РДФ Кыргызстандагы үй-бүлөлөргө COVID-19 өзгөчө кырдаал учурунда гуманитардык жардамды күчөтүү жана психосоциалдык абалды жакшыртуу максатында, Кыргыз Эл Акыл Казына Салт жана Мурас сактоочулар тармагы аркылуу КЭАК демилгесин баштайт. Ошондой эле, Демилгенин иш-чаралары мамлекеттик реакция иш-чараларынын өкүлдөрүн колдоого, аймактын белгилүү адамдарынын онлайн сөздөрү аркылуу жамааттын ичиндеги моралдык колдоону калыбына келтирүүгө, COVID 19 кырдаалындагы үй-бүлөлөрдү жомоктор, сөз сүйлөө интернет аркылуу ички мобилизациялоого багытталат жана салттарды, ырым-жырымдарды сактоочулар тармагынын мүчөлөрүнөн (КЭАК) биримдиктин жана достуктун каада-салттары жөнүндө баяндар менен чыгып сүйлөшөт. КЭАКтын лидерлери аркылуу аймактарда бир жолу колдонулуучу маскалар, көчмөндөрдүн ден-соолугуна пайдалуу "куурма чай", дары чөптөрдөн алынган чай коллекциясы, арчалардын тобу жана гармала таратылат.
Өлкө турмушундагы ушул оор мезгилди баарыбыз биргеликте жеңебиз деп ишенебиз!