Биз жөнүндө
Рурал девелопмент фанд (РДФ) - коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.
Биздин кызматкерлер

РДФтин эң негизги байлыгы жана күчү, албетте, адам ресурстарында. РДФ эксперттери 90-жылдардын ортосунан бери айыл чарбасын өнүктүрүү жана жер реформасы менен алектенишип, изилдөө ишмердүүлүгү, контролдоо жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда зор тажрыйба топтогон. РДФ изилдөөчүлөрү Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Сорос Фонду, Өнүктүрүүнүн Швейцария уюму, USAID, БУУ Аялдар, ЕККУ, Демократияны колдоо боюнча улуттук фонду жана башка уюмдар тарабынан каржыланган бир катар долбоорлорго катышкан.
  • Кулуйпа
    Акматова
    "Rural Development Fund" КФ Директору
  • Максат
    Чодураев
    Финансылык менеджер
  • Бактыгуль Нартаева
    Бухгалтер
  • Кенеш
    Шапаков
    Мал чарбачылык адиси
  • Алина
    Женишбекова
    Изилдөөчү
  • Замира
    Ахматбекова
    Долбоордун ассистенти
  • Айбек
    Асаналиев
    Финансылык ассистент
  • Марлис
    Сарчаев
    Юрист
  • Азирет
    Ашимов
    Стажер
Биздин Миссия
РДФтин миссиясы - жергиликтүү муктаждыктарга негизделген жана жакырчылыкты жоюуга, айылдарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди илгерилетүү. РДФ жергиликтүү жамааттарды, мамлекеттик органдарды жана донорлорду айылдарды өнүктүрүү максаттарына жетүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана жолдорун аныктоо үчүн аракет кылат.

РДФтин негизги иши айылдарды өнүктүрүүнүн ар кандай аспектилери боюнча прикладдык изилдөө жүргүзүү, жергиликтүү жана улуттук деңгээлде саясатты иштеп чыгууга жана чечимдерди кабыл алууга, ишке ашырылып жаткан долбоорлорду баалоого жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.