Долбоорлор

Дары чөптөрдү өстүрүү дыйкандар үчүн каржылык жактан пайдалуу

Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылынын тургуну, «Самарбек» кооперативинин директору Бексултанов Самарбек өзүнүн ийгиликтүү үлгүсү менен дары чөптөрдү өстүрүү дыйкандарга каржылык жактан пайдалуу экенин көрсөттү.

Самарбек 15 сотых огороддо үчүнчү жылдан бери дары чөптөрдү өстүрүп келет. Өзүнүн бакчасына жалбыз жана израилдик жалбыз отургузган. Учурда жаздан бери үчүнчү түшүмүн алып, кургатып, сатыкка даярдап жатат. 300 килограммдан ашык кургатылган сырьё алып, 100 мин сомдон ашык баага саткан экинчи чабык да жемиштуу болду.
Самарбек: «Дыйкандарга дары чөптөрдү өстүрүүнү өнүктүрүү жана колдоо демилгеси үй-бүлөлөргө жакшы киреше гана алып келбестен, бардык жерде кырылып жаткан, аёосуз жулунуп жаткан жапайы дары чөптөрдү сактап калууга шарт түзөт. Мунун алдын алуу үчүн бул долбоор аркылуу биз адамдарга жаратылышка адам тарабынан келтирилген зыяндар тууралуу маалымат берип, дыйкандарга кантип кошумча киреше алып, ошол эле учурда экологияны коргоого болорун көрсөтөбүз”.
Самарбек жана кооперативдин мүчөлөрү Go Green долбоорунун алкагында 400 000 сом өлчөмүндө гранттык колдоого ээ болушту - Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбаны өнүктүрүүнү колдоо. Бул каражатка дары чийки зат кургатуучу жайды курууга зарыл болгон бардык материалдарды жана башка керектүү жабдууларды сатып алышкан. «Айылды өнүктүрүү фонду» КФсы техникалык жактан колдоо көрсөтүүдөн тышкары окууларды, семинарларды өткөрүп, айыл чарба иштери боюнча дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө дайыма кеңеш берип турат.

Кооперативдин мучелеру тарабынан грант ийгиликтуу ишке ашырылды деп ишеним менен айтууга болот.
Айылдык институционалдык өнүгүү