Жаңылыктар

RDF дыйкандар менен маалыматык жолугушууларды жыйынтыктады

Кооперативтер Go Green долбоорунун алкагында алган гранттык акча каражаттарын туура сарпталганын мониторинг көрсөттүү. Rural Development Fund («Рурал Девелопмент Фанд») коомдук уюму «Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбаны колдоо – Go Green» долбоорунун алкагында маалыматтык жолугушуулардын акыркы иш сапарын 2023 жылдын 17 март күнү жыйынтыктады.

Бул жолу Go Green долбоорунун тобу Талас облусунда жайгашкан «Талас даары» жана «Ак кайын ата мурасым» аттуу кооперативтери менен кезигип келди. Иш сапардын негизги максаттардын бири – бул гранттык иштери боюнча мониторинг жүргүзүү болгон. Жолугушуулардын жыйынтыгында кооперативтер алган гранттык акча каражаттарын туура жана өз максаттарына сарпталганын долбоордун кызматкерлери көрө алышты. Кооперативтер Талас облусунда аба ырайына дал келген валериана, календула, жалбыз дары чөптөрүн өстүрүп жана сатканга жетишти.

Жалпысынан айтканда, баардык 7 облусунда жайгашкан пилоттук максаттуу дыйкан чарбалар Go Green долбоордон алынган гранттарын ийгиликтүү жана иштиктүү колдонушту.

Иш сапарлар «Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү – Go Green» долбоорунун алкагында өткөзүлдү. Проект Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.