Жаңылыктар

RDF «жашыл көндүмдөр» боюнча семинарга катышты

Rural Development Fund («Айыл өнүктүрүү фонду») коомдук фонду табият таануу мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча машыктыруучу команданы даярдоого салым кошту.

РДФ командасы 2023-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында «Табият таануунун негиздери: «жашыл көндүмдөрдү» жана климатка туруктуулукту куруу» мугалимдер үчүн билим берүү модулу боюнча тренерлер үчүн усулдук окуу семинарына катышты.

Иш-чарада РДФнын директору Күлүйпа Акматова сөз сүйлөп, фонддун ишмердүүлүгү жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, «жашыл көндүмдөрдү», «жашыл» айыл чарбаны калыптандыруу, биосфералык аймактарды башкарууну жакшыртуу, кыргыз жылкысын кайра жайылтууга байланышкан долбоорлорго токтолду. Фонддун кызматкери Алина Жеңишбекова РДФнын балдар жана жаштар үчүн долбоорлору тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, «Айылды өнүктүрүү фонду» фотосүрөттөр жана кыргыздын каада-салттары, ырым-жырымдары, кыргыз жылкысынын келкели, ак илбирс, Кыргызстандын токойлору жана башкалар жөнүндө фонд тарабынан чыгарылган брошюралар жана китептерден турган өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө көргөзмөнү тартуулады.

Методикалык семинар-тренинг 1-марттан 4-мартка чейин өткөрүлдү. Аны өткөрүүнүн максаты – студенттерде дүйнөнүн табигый-илимий элесинин негиздерин, негизги «жашыл көндүмдөрдү» жана өзгөрүп жаткан жаратылышты түшүнүү ыкмаларын калыптандырууга жана техногендик дүйнө жана табигый илимдерге болгон кызыгууну жогорулатууга жөндөмдүү табият таануу мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн тренердик тобун даярдоо. Семинардын уюштуруучулары – «БИОМ» экологиялык кыймылы, «Жашыл климат» долбоору жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.