"Step Up" Долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны
17-январда Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылган – “Step Up” долбоорунун жыйынтыктоочу Координациялык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө кеңештин мүчөлөрү долбоордун ишке ашырылышынын жыйынтыктары менен кеңири таанышып, негизги аспектилер жана аткарылган иштер боюнча талкуу жүргүзүштү.
Жолугушууда долбоордун негизги иш-чаралары боюнча кыскача сереп берилди. Долбоордун адистери негизги жетишкендиктери менен бөлүшүп, ишке ашырылган бардык компоненттер жөнүндө кеңири маалымат беришти.
Айрыкча, долбоордун бенефициарлары үчүн уюштурулган тренингдер жана өзгөчө муктаждыгы бар балдарды тарбиялап жаткан ата-энелер үчүн даярдалган окутуу программаларына өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, жолугушууда долбоордун катышуучуларынын жеке окуяларын чагылдырган видеоматериалдар көрсөтүлдү. Аялуу балдар менен жаштардын социалдык адаптациясына жана интеграциясына шарт түзүп, алардын келечектеги жеке жана кесиптик өнүгүүсүнө негиз болгондугу үчүн, бул долбоор абдан маанилүү жана баалуу экендигин кеңештин мүчөлөрү билдиришти.
Жыйынга катышкандар:
РДФ долбоордун бардык өнөктөштөрүнө жана катышуучуларына кызматташтык жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет!

- Стефано Коррадо – Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн Программа менеджери;
- Орозакунова Б.О. – Кыргызстандын Билим берүү өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлү;
- Малдыбеков Б.К. – Билим берүү борборунун директору;
- Сыдыкова М. – К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын инклюзивдик билим берүү борборунун координатору;
- Сыдыкбаева Ж.А. – Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Коомдук ишмер;
- Карабаев А.Д. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык кеңештин директору;
- Бараканова С.Н. – №47 кесиптик лицейдин директору;
- Тодогелдиев Б.Б. – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы;
- Акиева М.Э. – №25 кесиптик лицейдин директору;
- Лизогубова М.А. – №25 кесиптик лицейдин өндүрүштүк окутуу устаты.