Жаңылыктар

RDF ТҮРКСОЙдун 30-жылдыгына арналган көргөзмөгө катышты

Иш-чарага Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, КР УИАнын тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков жана маданият тармагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ТҮРКСОЙ уюмунун сыйлыктары жана медалдары Кыргызстандын белгилүү маданият, искусство жана илим ишмерлерине тапшырылды.
Башкы катчы Султан Раев Кыргызстандын маданият, искусство жана илим ишмерлерине эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, ТҮРКСОЙ мындан ары да Түрк дүйнөсүнүн маданиятына жана искусствосуна чоң салым кошкондорду колдой турганын билдирди.

Сүрөт "АКИpress маданияты" сайтынан алынды.