Жаңылыктар

Аялдар жана тоолор - кең пейил, боорукер жана аялуу...

Аялдар жана тоолор - кең пейил, боорукер жана аялуу...

Тоолор суунун, энергиянын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн маанилүү булагы болуп саналат. Мындан тышкары, алар пайдалуу кендер, токой чарбасы жана айыл чарба азыктары сыяктуу баалуу ресурстар менен камсыз кылып, эс алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Биздин планетанын татаал жана өз ара көз каранды экологиясын чагылдырган ири экосистемалардын бири катары тоолор глобалдык экосистеманын жашоосу үчүн чоң мааниге ээ. Бирок тоо экосистемалары тездик менен өзгөрүүдө. Алар топурак эрозиясынын тездешине, көчкүлөргө, жашоо чөйрөсүнүн тез кыскарышына жана генетикалык ар түрдүүлүктүн кыскарышына дуушар болушат. Социалдык жактан тоолуу калктар кеңири таралган жакырчылык жана салттуу көндүмдөрдү жоготуу менен мүнөздөлөт. Натыйжада дүйнөнүн көпчүлүк тоолуу аймактарында экологиянын бузулушу байкалууда.

“Go Green” долбоорунун алкагында Дары чөп өстүргөн фермерлердин Ассоциациясы түзүлүп, анда тоолуу жамааттардагы фермер аялдардын ийгиликтүү кейстери алынган.

Алар очоктун жана үй-бүлөлүк жылуулуктун гана эмес, ошондой эле өз мекенинин жаратылыш байлыктарын аяр сактоо жана пайдалануу боюнча салттуу билимдин сакчылары.

Биз сиздердин назарыңыздарга жергиликтүү ландшафттын жаратылышын сактап, бала тарбиялап, үй-бүлөнүн кирешесине жана жалпы аймактын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан айымдардын өздөрүнүн оозунан алынган окуяларды сунуштайбыз.