"RDF" Айыл өнүктүрүү фондунун директору Кулуйпа Акматова азыркы учурда бейзаттык маданий мурастарды сактоо боюнча UNESCO Эл аралык комитеттин 20-сессиясына катышып жатат (Нью-Дели, 8–13-декабрь 2025). RDF-Айыл өнүктүрүү уюмунун атынан бул Форумда бейзаттык маданий мурастарды сактоо боюнча маанилүү маселелерди талкуулоодо катышып жатат.
Сессиянын программасынын алкагында Бейзаттык мурастар боюнча коомдук уюмдардынФоруму (ICH NGO Forum) да өтүп жатат. Бул коомдук уюмдардын өз ара тажрыйба алмашуусу жана жандуу мурастарды сактоодо жарандык коомдун ролун бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Ошондой эле форумдун алкагында тарыхый учур болду: улуттук «Максым» суусундугу расмий түрдө UNESCOнун Адамзаттын Бейзаттык Мурасы Репрезентативдик тизмесине кирди, бул биздин маданият үчүн жана өлкөбүздүн эл аралык деңгээлде таанылышы үчүн чоң жетишкендик.
РДФ директору Кулуйпа Акматова бул эл аралык маанилүү процесстердин бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк алганы үчүн ыраазычылык билдирди.