Жаңылыктар
RDF Step Up долбоору боюнча иш сапары менен Ош облусуна барды
2023-06-15 17:32
Сапардын негизги максаттары:
Долбоордун максаттары жана милдеттери, күтүлгөн натыйжалары жөнүндө калкты, кызыкдар тараптарды маалымдоо;
Облустук жана райондук администрациялардын өкүлдөрү, ЖӨБО башчылары менен жолугушуулар;
Жергиликтүү социалдык коргоо жана өнүктүрүү органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар;
Жолугушуулар жана тиешелүү мекемелерге баруу, калктын аярлуу катмарын колдоо маселелерин изилдөө;
Долбоордун гранттык программасынын потенциалдуу катышуучуларын изилдөө;
Программанын потенциалдуу катышуучуларын изилдөө;
Бул тармакта иштеген программалардын жана долбоорлордун, ӨЭУлардын, ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолугушуулар;
Жолугушуулардын катышуучулары менен кайтарым байланыш / Диалогдор, долбоордун иш-чараларын ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча сунуштар жана көз караштар.
Иш сапардын алкагында RDF командасы Алай районунун Талды-Суу айылдарына, Өзгөн шаарына жана Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө барышты.