Жаңылыктар

РДФ директору Күлүйпа Акматова "Жылдын мыктысы"!

“Айылды өнүктүрүү фонду” (РДФ) коомдук фондунун директору Күлүйпа Акматова “Эркин Тоо” мамлекеттик гезитинин “Жылдын мыктысы” сыйлыгынын лауреаты болду.
Сыйлык тапшыруу аземи 2022-жылдын 21-декабрында Бишкекте өттү.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик гезити жыл сайын “Жылдын мыктысы” акциясын өткөрүп келет. Окурмандар жана ар кыл тармактын өкүлдөрү талапкерлерди социалдык мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жеке компаниялардын жетекчилеринен, маданият ишмерлеринин, саясатчылардын, бизнесмендердин, ийгиликтерге жетишкен спортчулардын арасынан тандашат.
Сыйлыктын негизги максаты - Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга моралдык колдоо көрсөтүү.
РДФ командасы жетекчини татыктуу бааланышы менен куттуктайт!