Бош орундар

Тренерлер үчүн сынак

«Рурал девелопмент фанд» коомдук фонду «Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү. Go Green» долбоорунун алкагында тренерлерге сынак жарыялайт.

Тандалган тренерлер “Финансылык сабаттуулук жана бизнести пландаштыруу”, “Кесиптик багыт – кесип тандоо”, “Лидерлик сапаттар” деген темаларда пилоттук кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн модулдарды иштеп чыгып, тренингдерди өткөрүшөт.

Контрактын мөөнөтү – апрель, 2023


Бардык каалоочулар 2023-жылдын 25-мартына чейин резюмесин, кызыгуу катын жана техникалык сунушун төмөнкү дарекке жибериши керек: ruraldevelopmentfund2020@gmail.com.

«Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү. Go Green» долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.