Жаңылыктар

Социалдык активдүүлүк жана жаштар боюнча Азия региондук окуу алмашуу

Бул окуу алмашуу эл аралык жер коалициясы тарабынан уюштурулган (International Land Coalition). Иш-чарага Азиянын Филиппин, Индия, Бангладеш, Непал, Индонезия, Кыргызстан сыяктуу 14 өлкөсүнөн өкүлдөр катышты.

Жергиликтүү жамааттар, фермерлер, аялдар топтору жана жаштар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жер укугу үчүн күрөшүп, чечимдерди кабыл алууга, социалдык активдүүлүккө катышып, аялдар менен жаштарды тарткан жерлерде талаа сапарлары уюштурулду.

Пленардык сессияда биз РДФтин жаратылыш аймактарын коргогон жергиликтүү жамааттар менен иши, ийгиликтүү окуялар, алар үчүн кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу бөлүштүк.