Жаңылыктар

"Кыргызстандагы жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен токой чарбасын башкарууну илгерилетүү" улуттук семинарынын жыйынтыктары

Долбоор Кристенсен Фонду (АКШ) тарабынан колдоого алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен биргеликте ишке ашырылды.

Долбоордун максаты - жергиликтүү жамааттардын салттуу экологиялык билимдерине, ошондой эле токойлорду туруктуу башкаруу жаатындагы алдыңкы эл аралык тажрыйбага таянып, жергиликтүү жамааттардын катышуусунда токой экосистемасын башкаруунун иштиктүү моделин иштеп чыгуу жана сыноо.

Ушул долбоордун алкагында РДФ тобу Кыргызстандын эки пилоттук аймагында бир топ жумуштарды аткарды, анын ичинде:

Токой ресурстарына байланыштуу жергиликтүү муктаждыктарды изилдөө үчүн комплекстүү изилдөө жүргүзүү;
Токой экосистемасын башкарууга катышкан пилоттук жамааттык институттарды түзүү - “мейкин жааматы”;
Коомчулуктун токой чарбасын башкаруу планын иштеп чыгуу;
Токой ресурстарын сактоо жана жакшыртуу максатында жергиликтүү жамааттар үчүн чакан гранттар программасын ишке ашыруу;
Долбоордун жыйынтыктары жана алынган сабактар ​​жөнүндө жергиликтүү жамааттарды жана мамлекеттик органдарды маалымдоо.

Долбоордун натыйжасында жергиликтүү жамааттарды тартуу менен токой экосистемасын башкаруунун далилденген модели болуп, токой экосистемаларын биргелешип башкарууга жергиликтүү жамааттарды акырындык менен тартуу зарыл экендиги жөнүндө төмөнкүдөй тыянактар ​​чыгарылды. Натыйжалуу биргелешип башкаруу үчүн, коомдук институттар жана токой чарбалары токой экосистемаларын биргелешип башкаруу боюнча бардык ролдорду жана милдеттерди дал келтирүүнүн негизинде тыгыз өнөктөштүктө иштешин талап кылат. Ошондой эле жыйында токой чарбасынын жамааты үчүн колдонулуп жаткан мыйзамдык базаны кайра карап чыгуу маселеси көтөрүлүп, талкууланды.