Жаңылыктар

Кыргыз Эл Акыл Казына

“Кыргыз Эл Акыл Казына” коомунун 7 облусунан келген лидерлери быйыл биринчи жолу чогулуп, өткөн жылдардын жыйынтыгын чыгарып, пландарды талкуулашты.

Атайын алар үчүн семинар уюштурулуп, ал социалдык медиада кошумча инструменттерди (контент түзүү, конкреттүү медиа аккаунттарды башкаруу, аналитика жана санариптик жарнак) камсыз кылууга, ошондой эле гранттык каражаттарга долбоордук колдонмолорду түзүүгө багытталган.

Иш-чара уникалдуу пасторалдык тармактын ишин сактап калуу, анын жетекчилеринин жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана мындан аркы санариптик байланыш үчүн жаш муундарды тартуу максатында “Заман менен бирге” деген ураандын алдында өттү.

Эске сала кетсек, “Кыргыз Эл Акыл казына” коому салттуу билимдерди сактоо жана өткөрүп берүү максатында "Рурал Девелопмент Фондун" колдоосу менен түзүлгөн.