Жаңылыктар

Go Green долбоорунун командасы Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын дыйкандары менен жолугушту

Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын дыйкандары – «Бирлик» ассоциациясынын мүчөлөрү «Жергиликтүү коомчулуктун жашыл айыл чарбасын колдоо –Go Green» долбоорунун жыйынтыктары, «Бирлик» мобилдик тиркеме жана социалдык тармактарды дары-дармек өсүмдүктөрдү сатуу үчүн ыкмалары менен таанышты.

2023-жылдын февраль жана март айынын башында Rural Development Fund («Айылды өнүктүрүү фонду») коомдук фондунун кызматкерлери үч облуста фермердик чарбалардын, кесиптик лицейлердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жергиликтүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушууларды өткөрүштү. Алар Go Green долбоорунун жыйынтыктарын көрсөтүштү; фермерлер үчүн атайын түзүлгөн жана китепкана, форум, айыл чарба продукцияларын сатуу базары, фермерлер тууралуу маалымат камтылган ресурс болгон «Бирлик» мобилдик тиркемесин тартуулады. Мындан тышкары, социалдык тармактарды колдонуу боюнча сессия өткөрүлдү.

Өз кезегинде фермердик жамааттардын жетекчилери кичи гранттарды өздөштүрүү жана дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү жаатындагы жетишкендиктери жана кыйынчылыктары, ошондой эле өз ишмердүүлүгүндө социалдык тармактарды колдонуу тажрыйбасы тууралуу айтып беришти. Бишкек шаарындагы No20 кесиптик лицейдин өкүлү айыл чарба багытындагы кадрларды даярдоо боюнча маалымат берди. Бул билим берүү мекемеси Go Green долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан «Дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү» жаңы окуу модулун сыноодон ийгиликтүү өткөрдү.

27-февралда Бишкекте пилоттук фермердик жамааттардын, билим берүү мекемелеринин жана Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен маалымат жыйыны болуп өттү. Ага «Самарбек» кооперативинин, «Аманат өмүр» коомдук фондунун, «Биоресурс», «Алтын казык балы» дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү; Кыргызстандын Жашыл альянсынын кызматкерлери; Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти; Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын фармакогнозия жана дарылардын химиясы кафедралары; Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институту ж.б.

28-февралда Ат-Башы айылында Нарын районунун «Жашыл өмүр» жана «Көөнөрбөс мурас» дыйкан чарбалары менен маалымат жыйыны болуп өттү. Ага жашыл айыл чарбасына кызыккан башка жергиликтүү айыл чарба кооперативдеринин; райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (РАӨБ); аялдар комитетинин өкүлдөрү катышты. Иш-чара облустун Ат-Башы районунун акимчилигинин көмөгү менен өткөрүлдү: бул жолу ал жыйынга жай бөлгөн, буга чейин айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн демилгелерин бир эмес бир нече жолу колдогон, анткени мындай активдүү «Жашыл өмүр» жана «Көөнөрбөс мурас» жамааттардын райондун өнүгүшүнө салымын көргөн.

1-мартта Нарын облусунун ушул эле аталыштагы районуна караштуу Кочкор айылындагы «Санрабиго» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, ошондой эле долбоорго катышпаган, бирок дары өсүмдүктөрдү өстүрүүгө кызыгышкан башка кооперативдердин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Кочкор районунун РАӨБнын өкүлдөрү катышты. «Санрабиго» бейөкмөт уюму башка фермердик жамааттардан айырмаланып, дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү менен гана чектелбестен, ар кандай чөптөр кошулган улуттук сүт азыгын – курут – жасап, өз айылында сатып баштады.

3-мартта Каракол шаарында Go Green долбоорунун командасы Ысык-Көл облусунун дыйкандары, тактап айтканда «Кызыл бирлик жана Суранаалы Жоламанов», «Тоң дары чөптөр», «Ысык-Көл Органика» жана «Сүт азык» чарбалардын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул иш-чарага мурункулардай эле кызыкдар тараптар, ошондой эле Айыл чарба министрлигинин РАӨБ жана Органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү катышып, «Бирлик» ассоциациясы менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

РДФ «Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбаны өнүктүрүүнү колдоо – Go Green» долбоорун Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен грекиялык KMOP уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырууда. Долбоордун алкагында «Бирлик» фермерлер ассоциациясы түзүлүп, ушундай эле аталыштагы мобилдик тиркеме иштелип чыккан.