Тренингдер жөнүндө
Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын дыйкандары үчүн “Жашыл чарбага кызыгууну арттыруу жана салттуу экологиялык билимдерди кайра жаратуу” темасында бир катар тренингдер өткөрүлдү.Сонунгүл Жылтырова
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Маман айылында валериана совет доорунда эле эгилген. Бирок СССР ыдырагандан кийин колхоз-совхоздордо бул дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү начарлап кеткен. Эми бул иш жергиликтүү элдин өздөрүнүн аркасы менен жанданууда. «Ысык-Кфл Органик» кооперативинин жетекчиси Сонунгүл Жылтырованын айтымында, бул чөптү өстүрүү түйшүктүү иш, бирок жалпысынан сатып алуу баасы күтүүсүз болгон картошканы өндүрүүгө караганда кирешелүү.Гульнур Чодронова
Гүлнур Чодронова - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылындагы «Жашыл Өмүр» айыл чарба кооперативинин жетекчиси. Ага 30 фермер чогулуп, аларга Айылды өнүктүрүү фондунан да колдоо көрсөтүлдү. Дыйкандар 1 гектар жерди ижарага алып, тосмо менен курчап, отоо чөптөрдү тазалап, дары чөптөрдүн 4 түрүн: валериана, календула, ромашка жана эхинацея эгишти. Айдоо аянты жайгашкан аймакта сугат суусу боюнча маселе жаралгандыктан, дыйкандар тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууну чечип, бардык керектүү техникаларды сатып алышкан. Алар ошондой эле артта жүрүүчү трактор (мини-трактор сыяктуу), насос, жуугуч жана кургаткыч контейнер сатып алышкан.Кайырса Нурдинова жана Айчурек Тюлекеева
Кайырса Нурдинова менен Айчүрөк Түлекеева Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Тоо айылынан «Санрабиго» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү. Уюм 1998-жылдан бери аялуу абалдагы аялдардын (мисалы, жесирлердин) бирикмеси катары бар. Ар кандай социалдык долбоорлорду ишке ашырат. Ал эми 2021-жылдын октябрынан баштап, ал Айылды өнүктүрүү фондунун долбооруна катышып, дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү жана аларды кошуу менен курут өндүрүү үчүн субгрант алган. Кайырса эженин айтымында, буга чейин антигельминттик касиети бар, ошондой эле өпкө ооруларына да пайдалуу чөптөр кошулган мындай улуттук сүт азыктарын жасоо тажрыйбасы бар. Муну колдонуу организмге оң таасирин тийгизерин турмуш көрсөттү, дейт ал.Гүлсара Чыныбаева
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айылынан келген бул тренингдин катышуучусу, «Жылдыз» жамаатынын жетекчиси өзүнүн ишмердүүлүгүнүн презентациясы менен суктандырды – ал түстүү сүрөттөрү бар портфолио чогултту.