Жаңылыктар

RDF үчүнчү Билим фестивалына катышты

РДФ ПФ 24-25-апрель күндөрү өткөн үчүнчү Билим фестивалына катышты. Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы жана Скрябин атындагы КУАУ тарабынан уюштурулган. Иш-чарага Бишкек шаарынын мамлекеттик органдары, бейөкмөт уюмдар, бизнес ишканалары, студенттер жана мектеп окуучулары катышты.

Билим берүү фестивалынын алкагында көргөзмө уюштурулуп, анда РДФ KЭAK (Кыргыз Эл Акыл казына) менен биргеликте кыргыздын салттуу эко-ашканаларын, дары чөптөрүн, кийизден жасалган буюмдарын тартуулашты. KЭАК мүчөлөрү алган билимдери менен бөлүшүп, келгендерге ар бир багыт боюнча мастер-класс көрсөтүштү. РДФ ошондой эле бак-дарактарды отургузуунун бардык жол-жоболорун сүрөттөгөн жана тез өсүүчү дарактардын түрлөрүнүн мүнөздөмөлөрүн берген маалымдама китеби «Биздин Токой» жаңы басылышын көрсөттү.

Быйыл фестиваль Кыргызстандын жарандарынын арасында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатууга багытталган. Балдарды жана жаштарды тазалыкты сактоого, шаардагы жашыл мейкиндиктерди сактоого, жагымдуу шарттарды түзүүгө үндөштү.