Жаңылыктар

Кароол-Дөбө мейкин жамааттары жана Кемин районунун «Жаш табиятчы» мектеп клубу «Жер Эне» фестивалына катышты.

2015-жылдын 25-майында Кемин районунун “Кароол-Дөбө мейкин жамааты” жергиликтүү жамааты жана “Жаш табиятчы” мектеп клубу “Өнөр Булагы” БӨУ тарабынан уюштурулган “Жер Эне / Терра Мадре” фестивалына катышты. Иш-чарага Кристенсен Фондунун өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар, консультанттар, жергиликтүү тургундар, мектеп окуучулары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Фестиваль TCF өнөктөш уюмдарынын төрт күндүк жолугушуусунун алкагында өткөрүлдү, анын максаты - тажрыйба алмашуу жана максаттуу уюмдардын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү.

Мектептин “Жаш табиятчы” клубунун мүчөлөрү жаратылышты коргоо маселелерине арналган программасын тартуулашты. Мектеп окуучулары Жер-Айна, ыйык Жер-Эне жөнүндө сценка коюп, автордук ырларды окуп, патриоттук ырларды аткарышты. Жигиттер чыгармага олуттуу мамиле жасап, зор шыктануу менен аткарышты, ага көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен жооп беришти. Конокторго клубдун эң жаш мүчөлөрү - 1-класстын окуучулары жасаган эстелик баракчалар тапшырылды.