Жаңылыктар

“Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбаны өнүктүрүүнү колдоо – Go Green” долбоорунун Координациялык кеңешинин 4-жыйыны

2022-жылдын 19-августунда РДФнын кеңсесинде “Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбаны өнүктүрүүнү колдоо – Go Green” долбоорунун Координациялык кеңешинин төртүнчү отуруму болуп өттү🌿

Иш-чараны Фонддун директору Күлүйпа Акматова ачып, Долбоордун жүрүшүнө токтолду.
Андан соң «Бирлик» санариптик тиркемесинин бет ачары болду. Ишкананын менеджери Асел Гафарова анын бөлүмдөрү, аны кантип көчүрүп алса болору жана кимдер үчүн арналганы тууралуу айтып берди.
«Tribe 9 Production» ЖЧКсынын директору Азиз Гулжабаев элдик медицинанын эски рецепттерин сактап калган табыптар тууралуу тасма көрсөттү.

№43 Профессионалдык лицейдин директору Джусупова Бактыгүл жаңы окуу модулунун “Дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү” практикалык бөлүгүнө токтолду. Бул модулдун аркасында лицейдин окуучулары дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча билим алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Тартылган эксперттер Дегенбаев Бакыт жана Сарчаев Марлис изилдөөлөрдү, бир катар интервьюларды жүргүзүшүп, «Дары-дармек өсүмдүктөрүнүн чийки затын өстүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча жол картасын, фермерлер» иштеп чыгышты, анда бул жаатта ийгиликтүү ишкердиктин бардык жол-жоболору боюнча маалымат берилген.#nbsp ;

Жыйындын жүрүшүндө Координациялык кеңештин мүчөлөрү долбоорду мындан ары ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштарды жана сын-пикирлерди айтышты.