Жаңылыктар

Көңүл бургула, конкурс!

КМОР (Греция) колдоосу менен «Rural Development Fund» коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан жана Европа Бирлиги тарабынан финансылануучу «Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүнү колдоо» - «GoGreen» долбоору (мындан ары - Долбоор) 15-октябрдан баштап субгранттар программасын өткөрүү, Чакан гранттар программасын ишке киргизүү жөнүндө жарыялайт.

Чакан гранттар программасынын максаты – жергиликтүү жамааттарды жергиликтүү жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдаланууга окутуу жана аларды курчап турган чөйрөнүн жергиликтүү биотүрдүүлүгүнө зыян келтирбестен дары чөптөрдү өстүрүү жолу менен жергиликтүү экосистемаларды башкарууга тартуу боюнча иш алып барууга колдоо көрсөтүү.

Конкурстун максаты:
I) жергиликтүү ландшафттын биотүрдүүлүгүн сактоо үчүн фермерлердин топторуна алардын дары чөптөрдү өстүрүү боюнча ишинде колдоо көрсөтүү;
II) сынамык билим берүү мекемелерине (мурда тандалып алынган кесиптик лицейлерге жана жалпы билим берүүчү мектептерге) студенттерди жана окуучуларды жергиликтүү жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жана дары чөптөрүн өстүрүү маселелерине окутуу боюнча потенциалын арттырууда колдоо көрсөтүү.


Толтурулган билдирмелер 2021-жылдын 30-ноябрына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Токтогул көч. 102/104 офис №1 же төмөнкү электрондук почта боюнча: ruraldevelopmentfund2020@gmail.com.


Билдирме берүүчү үчүн нускаманы жана билдирменин формасын төмөнкү  шилтеме боюнча көчүрүп алууга болот.
Шилтеме



2021-жылдын 26-октябрында саат 14:00дө Бишкек ш., Токтогул көч. 102/104 офис №1 дареги боюнча «Rural Development Fund» офисинде маалыматтык жолугушуу өткөрүлөт.

Ошондой эле Zoom боюнча онлайн видеоконференция өткөрүлмөкчү. 
Маалыматтык жолугушуу боюнча шилтеме