Жаңылыктар

Урматтуу фермер жамааттары, коллегалар! Фермер жамааттарынын көп сандаган суроо-талаптарына ылайык, биз “Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбаны өнүктүрүүнү колдоо” – “GoGreen” долбоору бо

Урматтуу фермер жамааттары, коллегалар!

Фермер жамааттарынын көп сандаган суроо-талаптарына ылайык, биз “Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбаны өнүктүрүүнү колдоо” – “GoGreen” долбоору боюнча кичи грант сынагыбызды узартып жатабыз.
Толтурулган формалар 2021-жылдын 3-декабрына чейин (кошумча) саат 18.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Биздин дарек: Бишкек, ул. Токтогул 102/104 , №1 офис же e-mail: ruraldevelopmentfund2020@gmail.com

Чакан гранттар программасынын максаты – жергиликтүү жамааттарды жергиликтүү жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдаланууга окутуу жана аларды курчап турган чөйрөнүн жергиликтүү биотүрдүүлүгүнө зыян келтирбестен дары чөптөрдү өстүрүү жолу менен жергиликтүү экосистемаларды башкарууга тартуу боюнча иш алып барууга колдоо көрсөтүү.

Конкурстун максаты:
I) жергиликтүү ландшафттын биотүрдүүлүгүн сактоо үчүн фермерлердин топторуна алардын дары чөптөрдү өстүрүү боюнча ишинде колдоо көрсөтүү;
II) сынамык билим берүү мекемелерине (мурда тандалып алынган кесиптик лицейлерге жана жалпы билим берүүчү мектептерге) студенттерди жана окуучуларды жергиликтүү жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жана дары чөптөрүн өстүрүү маселелерине окутуу боюнча потенциалын арттырууда колдоо көрсөтүү.