Жаңылыктар

РДФ JIAPICH сыйлыгына татыктуу болду

Урматтуу достор бул жаңылыкты кубанып,сыймыктануу менен бөлүшөбүз!

RDF - 2023 Jeonju International Awards for Promoting Intangible Cultural Heritage (JIAPICH)

Бейзаттык маданий мурастарды алгалоо боюнча Чонжу эл аралык престиждүү сыйлыгына ээ болду 🌍✨
РДФтин иш-аракетинин негизги багыттарынын бири бейзаттык маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, кыргыздын табиятты сарамжал пайдалануу жана анын көчмөн турмуш-тиричилигине байланыштуу салттуу билимдерин жандандыруу болуп саналат.

20 жыл ичинде РДФ салттуу билимдер аркылуу биологиялык ар-түрдүүлүктү сактоого арналган, салттуу билимдерди жана тажрыйбаларды сактоого, заманбап шарттарда биологиялык жана маданий ресурстарды коргоого багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырды.
Бул сыйлык талыкпас эмгектин башатында турган ардагерлерибиздин, биз менен бирге ушул жолду басып өткөн мурас аздектөөчүлөрү, жаркын элестери жүрөгүбүздө болуп жарык дүйнөдөн өтүп кеткен инсандары, ошондой биздин команданын чын дили менен берилгендиги, өнөктөштөр жана досторубуздун колдоосу аркылуу мүмкүн болду.

JIAPICH сыйлыгын тапшыруу аземи 2023-жылдын 2-сентябрында Түштүк Кореянын Чонжу шаарындагы Улуттук бейзаттык мурас борборунда өттү. Бул дүйнөнүн ар-түркүндүгүн жана кайталангыс экенин салтуу маданий мурас аркылуу даңазалаган эсте калаарлык окуя болду.
Биз сиздер менен бул жаңылыкты бөлүшүүгө кубанычтабыз жана элибиздин маданий мурасын сактоо жана жайылтуу максатына кызмат кылууну уланта беребиз!

Чын жүрөктөн колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!