Биологиялык ар түрдүүлүк - бул дүйнө жүзүндөгү тирүү жандыктардын жыйындысы. Башкача айтканда, жашоонун бардык түрлөрү. Бирок көп түрдүүлүктүн негизги элементтери:
1) Салттуу түрдө - экологиялык билим (экологияга жана ырым-жырымга байланыштуу. Мисалы, сууга түкүрбө, караңгыда сууга түшпө, отту суу менен өчүрбө ж.б.).
2) Экосистема (генетикалык ресурс);
3) Генетикалык ресурстарды дарылоо максатында пайдалануу.
“Тил - бул биздин ата-бабаларыбыздан калган жашыруун белги”, “Тил - бул маалыматтардын жыйындысы.” (Күлүйпа Акматова)
Айлана-чөйрөнү таанып билүү үчүн, тилдин күчүндө сакталган маанилүү маалыматты карап көр. Тил жөнүндө билимдердин жардамы менен жаңы ачылыштар болот. Тилдеги жашыруун белгилер аркылуу биз кийинки муунга билим беребиз.
"Ар бир тирүү жан уникалдуу". (Күлүйпа Акматова)
Ар бир тирүү жандык өзүнчө өзгөчөлөнөт. Ал эми аны өркүндөтүү үчүн алгач өзүңүздү таап, биздин ким экенибизди билишиңиз керек. Буга табият жардам берет. Айлана-чөйрөнүн уникалдуулугу - адамзаттын аң-сезимин өстүрүүнүн кенчи. Био - маданияттын жана тилдин ар түрдүүлүгүнүн ортосундагы байланыш. Адамзат, туура эмес пикирде, өзүн дүйнөнүн негизи деп эсептесе, жаратылышка кам көрүүнү жана коргоону токтотот. Тескерисинче, биз жаратылышка "карыз" адамдарбыз. Анын алдында "күнөөкөрлөр" (күнөөлүү). Ата-бабаларыбыз Эне - Жер (Гер Эне) деп бекеринен айтышкан эмес. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ар бирибиздин милдетибиз.
Тилде жана маданиятта сакталган бардык билим жаратылыштын жардамы менен калыптанган. Жалпылап айтканда биологиялык ар түрдүүлүк бул жалпы жашоо. Демек, биз жакшы жашоону жана өнүгүүнү кааласак, анда жаратылышты сүйүп, урматтап, баалашыбыз керек.
“Журналисттер - элдин үнү” (Күлүйпа Акматова).
Бүгүнкү күндө экологиялык олуттуу көйгөйлөр бар экендиги белгилүү. Бул суроону көтөрүү - жалпы адамзаттын иши.
Бүгүн алынган маалымат журналисттин коомдук аң-сезимди ойготуудагы ролун дагы бир жолу баса белгиледи. Сабак абдан натыйжалуу өттү.
Мээрим Эшимбекова - салттуу кыргыз журналистикасы мектебинин катышуучусу.