Жаңылыктар

Дыйкандар мобилдик тиркеме аркылуу айыл чарба продукцияларын сата алышат

Кыргызстанда дыйкандар жана айыл чарба продукциясын сатып алуучулар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты. «Бирлик» санарип тиркемеси «Айылды өнүктүрүү фонду» («Рурал Девелопмент Фанд») коомдук фонду тарабынан «Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбаны колдоо – Go Green» долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Бул RDF долбоору Жарандык Демилгелер Фонду (KMOP, Греция) менен биргеликте Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Долбоор аркылуу РДФ өлкө боюнча 16 фермердик коомдорго дары өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана кайра иштетүүгө жардам берди. Дыйкандар өздөрүнүн демилгесин айтып, «Бирлик» дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү жана кайра иштетүү ассоциациясына биригишти. Ассоциациянын карамагында азыр Кыргызстанда 20дан ашык кооперативдик жана коомдук уюмдар, ошондой эле дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген чарбалык уюмдар бар. Мобилдик тиркеме өз кезегинде даяр продукцияны маркетингдик инструменттердин бири катары түзүлгөн.

Маркетплейс болгон «Бирлик» тиркемесинде башка бөлүмдөр менен катар «Эл базары» (соода аянтчасы), «Картада» (картада коомчулуктардын геолокациясы), «Коомчулуктар» (фермердик жамааттар жөнүндө маалымат) сыяктуу бөлүмдөр бар. «Форум» бөлүмүндө дыйкандар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча суроолорду бере алышат. Жана ошондой эле тиркемеден Go Green долбоору жөнүндө көбүрөөк биле аласыз, жаңылыктарды жана пайдалуу маалыматтарды окуй аласыз. Ал англис, орус, кыргыз тилдерине колдоо көрсөтөт.