Жаңылыктар

Дары чөптөрдү өстүрүү дыйкандар үчүн финансылык жактан пайдалуу

Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылынын тургуну, «Самарбек» кооперативинин директору Бексултанов Самарбек өзүнүн ийгиликтүү мисалында дары чөптөрдү өстүрүү дыйкандар үчүн финансылык жактан пайдалуу экендигин көрсөттү.
Самарбек үчүнчү жылдан бери дары чөптөрдү өстүрүп келет. Өзүнүн 15 сотка жеринде жалбыздын 2 түрүн жазында отургузган. Учурда үчүнчү түшүмүн алып, кургатып, сатыкка даярдап жатат. Ал эми экинчи түшүмүнөн 300 килограммдан ашык кургатылган сырьё алып, аны 100 000 сомдон ашык суммага сатууга жетишти. 


Самарбек: «Дыйкандарга дары чөп өстүрүүнү өнүктүрүү жана колдоо демилгеси үй-бүлөлөргө жакшы киреше гана алып келбестен, бардык жерде кырылып жаткан, аёосуз жулунуп жаткан жапайы дары чөптөрдү сактап калууга шарт түзөт. Мындай иштерди алдын алуу үчүн бул долбоор аркылуу жаратылышка адам тарабынан келтирилген зыян жөнүндө биз элдерди маалымдайбыз, дыйкандарга кантип кошумча киреше алуу, ошол эле учурда айлана-чөйрөнү коргоо жолдорун көрсөтөбүз». 


Самарбек жана кооперативдин мүчөлөрү «Go Green - жергиликтүү жамааттардын жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүнү колдоо» долбоорунун алкагында 400 000 сом өлчөмүндө гранттык колдоо алышты. Бул каражатка дары чөптү кургатуучу жайды курууга зарыл болгон бардык материалдарды жана башка керектүү жабдууларды сатып алышкан. «Rural Development Fund» техникалык жактан колдоо көрсөтүүдөн тышкары окутуучу тренингдерди, семинарларды өткөрдү жана дыйкандарга айыл чарба иши боюнча үзгүлтүксүз кеңеш берип турат.
Грант кооперативдин мүчөлөрү тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылды деп ишенимдүү айтууга болот.