Конкурска сүрөт искусствосунун төмөнкү түрлөрүндө аткарылган төмөнкүдөй көркөм чыгармалар катыша алат: • живопись; • графика; Конкурстун шарттары: - Конкурска катышуу үчүн билдирмени иш менен бирге берүү керек (билдирменин формасы менен профилдин башындагы шилтеме боюнча таанышууга болот); - Конкурстун катышуучусу билдирмеде үчтөн көп эмес көркөм ишти бере алат; - Конкурска Кыргыз Республикасынын 14төн 35 жашка чейинки жарандарынын төмөнкүлөр сөзсүз көрсөтүлүү менен талаптагыдай таңгакталган (ташуу убагында бүлүнүп калуусун болтурбоо үчүн) конкурстук иштери кабыл алынат: 1) Ф.А.А; 2) Конкурстук иштин авторунун координаттары (почта дареги, электрондук почтасынын дареги, телефон номерлери ж.б.); 3) Иштин аталышы. Иштер көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, төмөнкү дарек боюнча RDFтин офисине жөнөтүлөт: Бишкек ш., Токтогул көч., 102-104/ Раззаков көч. менен кесилишет, офис № 1 + 996 770 33 01 06 + 996 755 33 01 06
Ошондой эле, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынан катышуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн көркөм иштер билдирмелер менен кошо Т.Садыков атындагы Ош областтык көркөм сүрөт музейинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынышы мүмкүн: Ош ш., Кол Өнөрчүлөр көч., 31 (мурдагы Алебастров көч.). Телефон: +996 776 769076 / 03222 72418 - Мединова Бактыгуль Даректин шилтемеси профилдин башында: https://go.2gis.com/vf453b
Көркөм иштер 2022-жылдын 3-февралынан 15-майга чейин кабыл алынат. Конкурстун жыйынтыктары 2022-жылдын июнунда жарыяланат.