Жаңылыктар

Көңүл бургула, конкурс 15 майга чейин узартылды!



Конкурска сүрөт искусствосунун төмөнкү түрлөрүндө аткарылган төмөнкүдөй көркөм чыгармалар катыша алат:
• живопись;
• графика;
Конкурстун шарттары:
- Конкурска катышуу үчүн билдирмени иш менен бирге берүү керек (билдирменин формасы менен профилдин башындагы шилтеме боюнча таанышууга болот);
- Конкурстун катышуучусу билдирмеде үчтөн көп эмес көркөм ишти бере алат;
- Конкурска Кыргыз Республикасынын 14төн 35 жашка чейинки жарандарынын төмөнкүлөр сөзсүз көрсөтүлүү менен талаптагыдай таңгакталган (ташуу убагында бүлүнүп калуусун болтурбоо үчүн) конкурстук иштери кабыл алынат:
1) Ф.А.А;
2) Конкурстук иштин авторунун координаттары (почта дареги, электрондук почтасынын дареги, телефон номерлери ж.б.);
3) Иштин аталышы.
Иштер көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, төмөнкү дарек боюнча RDFтин офисине жөнөтүлөт:
Бишкек ш., Токтогул көч., 102-104/ Раззаков көч. менен кесилишет, офис № 1
+ 996 770 33 01 06
+ 996 755 33 01 06

Ошондой эле, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынан катышуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн көркөм иштер билдирмелер менен кошо Т.Садыков атындагы Ош областтык көркөм сүрөт музейинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынышы мүмкүн: Ош ш., Кол Өнөрчүлөр көч., 31 (мурдагы Алебастров көч.).
Телефон: +996 776 769076 / 03222 72418 - Мединова Бактыгуль
Даректин шилтемеси профилдин башында: https://go.2gis.com/vf453b

Көркөм иштер 2022-жылдын 3-февралынан 15-майга чейин кабыл алынат.
Конкурстун жыйынтыктары 2022-жылдын июнунда жарыяланат.