Жаңылыктар

Борбордук Азиядагы жарандык коомдун климаттык тармагынын стратегиялык жыйыны

РДФ Кыргызстандын Жашыл Альянсынын мүчөлөрү менен бирге 2023-жылдын 8-9-августунда Казакстандын Алматы шаарында өткөн Борбордук Азиянын жарандык коомунун климаттык тармагынын пландарын жана иш-чараларын талкуулоо үчүн стратегиялык жыйынына катышты.

Жыйында Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кыргызстан🇰🇬, Өзбекстан🇺🇿, Тажикстан🇹🇯 жана Казакстандын🇰🇿 координаторлору улуттук климаттык саясатка жана коомчулуктун катышуусуна сереп салышты.

Тармактын 2025-жылга чейинки ишинин стратегиялык планы иштелип чыгып, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясына Борбордук Азия чөлкөмүндөгү жарандык коомдун позициясын даярдоо башталды.

Климат тармагынын багыттары талкууланды:

1. Тармакты башкаруу куралдары
2. Эксперттик коомчулукту өнүктүрүү
3. Жаштар жана билим берүү
4. PR стратегиясы
5. Бизнес сектор менен кызматташуу

CSEC CA 2023-жылдын 22-февралында Борбордук Азиянын Аймактык Экологиялык Борборунун (ЦАРЭК) демилгеси менен 2019-жылы түзүлгөн RCSO (Жарандык Коом Уюмдарынын Регионалдык Тармагы) негизинде тармактык экологиялык жана климаттык уюмдардын көз карандысыз аймактык бирикмеси катары түзүлгөн. .