Жаңылыктар

RDF командасынын Step Up долбоору боюнча Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарына болгон иш сапары

«Rural Development Fund» (Айыл өнүктүрүү фонду) Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен «Step Up» долбоорун ишке ашырууда.

RDF командасынын иш сапары Чүй, Нарын, Ысык-Көл облусундагы билим берүү мекемелерине, кесиптик лицейлерине, реабилитациялык борборлорго багытталып, таанышуу, маектешүү, иликтөө иштерин жүргүзүп келди.

Алар төмөнкүлөр:
1. Кемин шаарынын №19 Кесиптик лицеи;
2. Нарын облустук бириккен ооруканасы (НОБО) алдындагы өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн «Кадам» күндүзгү борбору;
3. Нарын шаарындагы Академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук Лицей-жатак мектеби;
4. Ысык-Көл областынын, Кош-Көл айылынын №85 Кесиптик лицеи;
5. Каракол шаарынын “Аруужан” коомдук уюму;
6. Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасынын “Ак-Суу” реабилитациялоо бөлүмү.
Сапардагы жолугушууларга билим берүү мекемелеринин, кесиптик лицейлердин, башка тийиштүү уюмдардын жетекчилери, кызматкерлери катышып, долбоордун идеясы, максаттары менен таанышып чыгышты. Учурда долбоордун зарыл экендиги кубатталып, анын алкагында болуп жаткан иш-чараларга катышууга, жана өз салымдарын кошууга даяр экендигин билдиришти.