Жаңылыктар

Экологиялык мониторинг боюнча тренинг

Бул тренингдин негизги максаты катышуучуларды жаратылышты сактоого жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга жигердүү салым кошо алышы үчүн айлана-чөйрөгө мониторинг, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана фоткапкандарды колдонууга үйрөтүү болгон.

📝Тренингдин алкагында катышуучулар теориялык гана билим албастан, практикалык көнүгүүлөрдү да өткөрүштү. Алар фото капкандарды жана GPS технологияларын колдонуу менен табяит тууралуу маалыматтарды чогултуу жана талдоо ыкмаларын өздөштүрүштү. Бул көндүмдөр алар үчүн табигый аймактарды натыйжалуу көзөмөлдөө жана коргоо үчүн абдан пайдалуу болот.
🌿🏞️Тренингде катышуучулар «Чычкан капчыгайынын башкаруусун жакшыртуу» долбоору менен да таанышып, экологиянын ар кандай көйгөйлөрү, анын ичинде булгануу, мал чарбачылыгы, жайыттардын деградациясы, жер казып алуу жана дары чөптөрдү мыйзамсыз чогултуу, ошондой эле браконьерлик кеңири талкууланды. Бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун биргелешип иштеп чыгып, келечектеги иш-чаралардын планын иштеп чыгышты.

👥Бул тренинг «Жашыл Ороон» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү экологиялык активисттердин, уюмдардын колдоосу, экологиялык эксперттер жана РДФ менен кызматташуунун аркасында ишке ашты.

🤝Бул узак мөөнөттүү кызматташуунун башталышы болуп, аймактагы жаратылышты башкарууну жана сактоону жакшыртууга салым кошот деп ишенебиз.

🌲Биз ошондой эле алардын аракеттери аймакка экология жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө жардам берерине ишенебиз.