Жаңылыктар

Кымбаттуу достор

Кымбаттуу достор,
«Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүнү колдоо» долбоорунун алкагында суб-гранттарды алууга Конкурстун натыйжаларына ылайык, RDF төмөнкүнү билдирет:
Конкурс 2021-жылдын 15-октябрында жарыяланган жана билдирмелерди алууну аяктоо 2021-жылдын 30-ноябрына белгиленген.
Андан соң берүү мөөнөтү 2021-жылдын 3-декабрына чейин узартылган.
Аймактар жана лоттор боюнча алганда, билдирмелердин келип түшүүсү боюнча маалымат төмөнкүдөй болду:
Лот 1 «Фермердик топторду дары чөптөрүн өстүрүү, ошондой эле аларды кайра иштетүү жана сатуу боюнча анча чоң эмес киреше алып келүүчү ишканаларды түзүү боюнча колдоо» боюнча
билдирмелердин төмөнкүдөй саны келип түштү:
Лот 2 «Сынамык билим берүү мекемелерин мектеп окуучуларын жана студенттерди дары чөптөрүн өстүрүүгө, аларды кайра иштетүүгө жана сатып өткөрүүгө, ошондой эле жергиликтүү биотүрдүүлүктү сактоого окутууга багытталган ишмердүүлүктө колдоо» боюнча
билдирмелердин төмөнкүдөй саны келип түштү:


2021-жылдын 9-декабрында келип түшкөн билдирмелер боюнча Баалоочу комиссиянын отуруму өткөрүлдү.  Баалоочу комиссия коомдук бирикмелердин, илимий чөйрөнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган.
Баалоочу комиссиянын отурумунун чечимдерине ылайык, конкурстун төмөнкү жеңүүчүлөрү аныкталган:

Баткен областы боюнча:
Фермердик жамаат.
Лидери Султанова Жумагүл. – «Баткен ш. дары чөптөрдүн жоголуп бараткан түрлөрүн өстүрүү жолу менен фермерлердин жана жергиликтүү жамааттардын экономикалык абалын жакшыртуу”

Жалал-Абад областы боюнча:
1.    Фермердик жамаат. Лидери Исманов Фарухжон – «Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылынын жашоочуларын иш орундары менен камсыздоо».
2.    Фермердик жамаат. Лидерлери Темиралиева Карамат жана Бекназарова Гүлмира –    «Дары чөптөрдү өстүрүү жолу менен жакырчылыкты жоюу жана жумуштуулукту камсыздоо»
Ысык-Көл областы боюнча:
1. «Ысык-Көл Органик» айыл чарба кооперативи – “Дары чөптөрдү өстүрүү, аларды кургатуу, каптоо жана экспорттоо”.
2. Фермердик жамаат. Лидери Мусабаева Жанара – «Дары чөптөрдү өстүрүү жолу менен үй-бүлөлүк кирешени көбөйтүү, Тоң районунун Бөкөнбаев айылы».

Нарын областы боюнча:
1.       «Санрабиго» КБ – “Дары чөптөр ден соолукту чыңдайт”.
2.       «Көөнөрбөс Мурас» КБ – “Өндүрүмдүү өндүрүш моделин иштеп чыгуу аркылуу Ача-Кайыңды жана Ак-Жар айылдарынын жергиликтүү жамааттарынын потенциалын жогорулатуу жана демилгелерин күчөтүү”.
Ош областы боюнча:
1.    "Орчун" КБ – “Дары чөптөрүн өстүрүүнүн эсебинен кирешелүүлүктү көбөйтүү менен аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү”.
2.    Фермердик жамаат. Лидери Калмаматов Дастан – «Ош областынын Алай районундагы Гүлчө айыл аймагынын Чыйырчык участогунда 1 га участокто дары чөптөрүн өстүрүү».
Талас областы боюнча:
1.    «Талас Агротрейд» жааматы – «Талас областынын Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунда дары чөптөрдү өстүрүү».
2.    «Ак-Кайың Ата мурасым» КБ – “Дары чөптөрүн өстүрүү жолу менен ден соолук жөнүндө кам көрүү жана үй-бүлөлүк бюджетти жакшыртуу”


Чүй областы боюнча:
  1. «Самарбек» фермердик чарбасы – “Дары чөптөрдүн агроэкологиясы: Сынташ айыл аймагындагы үй-бүлөлүк фермердик чарбалардын бакубаттуулугу”.
  2. «Аманат Өмүр» КФ – “Кызыл-Туу, Токбай, Асылбаш, Новопавловка айылдарынын фермерлерин дары чөптөрдү өстүрүүгө окутуу жана курчап турган чөйрөгө зыян келтирбестен киреше булактарына окутуу”.

Бул кулактандыруудан тышкары, Конкурстун тандоодон өтпөгөн бардык катышуучулары баш тартуунун себептери жөнүндө жеке тартипте маалымдалмакчы.