Жаңылыктар

“Step Up” долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин Кыргызстандагы программалык менеджери Стефано Коррадо менен жолугушуу

12-сентябрда РДФтин кеңсесинде Европа биримдигинин Кыргызстандагы программалык менеджери Стефано Коррадо менен жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушууда аярлуу жаштардын жана балдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “Step Up” –“Кадам ташта” долборунуу иш-чаралары көрсөтүлдү. Долбоордун максаты аярлуу жаштардын жана балдардын жарандык коомго ийгиликтүү кошулуусу үчүн алардын потенциалын жигердүү өнүктүрүү жана жашоосунун сапатын жакшыртуу үчүн керектүү тажрыйбаларды алууга мүмкүнчүлүк берүү.
Жолугушууда долбоордун эксперттери аярлуу жаштар жана жетим балдар менен иштөө боюнча баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алдыда боло турган иш-чаралар, кичи гранттык программалар, изилдөөлөр жана мекемелерге колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды