Жаңылыктар

Кара-Бактагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн теңтуштан билим алуу мүмкүнчүлүгү

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы муз аянтчасында мектеп окуучулары арасында хоккей оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Бул иш-чара АКШнын демократияны колдоо боюнча Улуттук Фонду тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасындагы чыр-чатактарды чечүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара тажрыйба алмашуусу" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Алмашуу сапарынын жүрүшүндө өкүлдөр Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара аймагындагы чечилбеген чыр-чатактардан улам келип чыккан актуалдуу маселелерин айта алышты. Көпчүлүк талаш-тартыштарга жаратылыш ресурстарынын бирдей эмес бөлүштүрүлүшү, ошондой эле инфраструктуранын, жолдордун жана суу каналдарынын оңдолбогондугу себеп болууда.
Катышуучулар талаш-тартыш болгон жерлердин бирине-дренаждык каналга барып, маселени деталдуу талдап чыгышты. Башка жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү чыр-чатакты чечүүнүн ар кандай ыкмаларын жана жолдорун сунушташты, ал эми кабыл алуучу Кара-Бак жамаатынын өкүлдөрү чыр-чатакты жөнгө салуу максатында бул сунуштарды угушту жана кароого кабыл алышты. Көпчүлүк этностор аралык пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн натыйжалуу куралы боло ала турган жергиликтүү коомдук топторду түзүү зарылдыгын айтышты.
Кийинки алмашуу сапары 2011-жылдын августунда Самарканд коомчулугунда өткөрүлмөкчү.
30.09.2011