Жаңылыктар

РДФ Go Green долбоорунун алкагында фермерлер жана лицей кызматкерлери менен маалыматтык жолугушууларды өткөрдү

Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы пилоттук фермердик жамааттар жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен «Жергиликтүү коомчулуктун жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү – Go Green» долбоорунун алкагында маалыматтык жолугушуулар 2023-жылдын 7-февралынан 15-февралына чейин өткөрүлдү.

Эске сала кетсек, «Айылды өнүктүрүү фонду» («Рурал Девелопмент Фанд») бул долбоорду Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен KMOP (Греция) менен өнөктөштүктө ишке ашырат.

Маалыматтык жолугушуулардын жүрүшүндө долбоордун адистери анын жыйынтыгы менен тааныштырышты. Ошондой эле фермерлер үчүн атайын түзүлгөн «Бирлик» мобилдик тиркемесин тартуулашты. Бул санарип тиркеме фермерлер тууралуу маалымат камтыган ресурс, анда «Китепкана», «Форум» жана айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн «Эл базары» бар. Жамааттын жетекчилери өздөрүнүн жетишкендиктери жана дары чөптөрдү өстүрүүдөгү кыйынчылыктары тууралуу айтып беришти.

Долбоордун командасы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдагы N 67 кесиптик лицейдин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул окуу жайда долбоордун колдоосу менен иштелип чыккан «Дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү» жаңы окуу модулу сыноодон ийгиликтүү өткөн. Бул лицейде дары-дармек өсүмдүктөрүнүн кеңсеси, аларды өстүрүү боюнча көрсөтмө аянтчалар түзүлгөн.

Бул сапардан фоторепортажды назарыңыздарга сунуштайбыз: