Жаңылыктар

РДФнын кызматкерлери N18 кесиптик лицейинде болушту

«Айылды өнүктүрүү фонду» Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен «Оор турмуштук кырдаалга туш болгон аярлуу балдардын жана жаштардын потенциалын жогорулатуу жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – Step Up» жаңы долбоорун ишке киргизди. Коомдук фонддун командасы долбоордун алкагында өнөктөштөрүнүн бири - Бишкектеги №18 кесиптик лицейде болушту.

Бул кесиптик окуу жай 2023-жылы 45-жылдык мааракесин белгилейт. Анын тарыхы 1978-жылдын 21-апрелинде башталат. 1995-жылы №18 кесиптик училище кесиптик лицей статусун алган. Лицей ошондой эле Жетим балдарды, майыптарды жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн жана калктын социалдык жактан аярлуу башка категорияларын социалдык-эмгектик реабилитациялоо борбору болуп саналат.

Билим берүү мекемесинин директору Бакыт Малдыбековдун айтымында, учурда 600дөн ашуун лицейдин окуучусунун 30га жакыны мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдар. Студенттердин 80%ы республиканын башка аймактарынан келгендер.

Лицейде окуган майыптар жана жетим балдар стипендия, бекер жатакана жана төрт маал бекер тамак менен камсыз болушат. Мындан тышкары, алар үчүн дарыгер, психолог, тарбиячы иштейт, физиотерапиялык көнүгүүлөрдү жасоо үчүн кабинети бар медициналык пункт бар.

Бул окуу жайда билим алуу 9- жана 11-класстын базасында, бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт. Алар унаа оңдоо, тигүү, ресторан жана мейманкана тармагында иштөө, анын ичинде ашпозчулукка үйрөтүшөт. Лицейде жабдылган окуу кабинеттери, лабораториялары жана устаканалары бар, мындан тышкары балдар ишканаларда практикадан өтүшөт. Окуучулардын физикалык жана маданий жактан өнүгүүсү үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоо, актовый залдар бар, ошондой эле ашкана, буфет иштейт.

Келечекте сиздерге Step Up жаңы долбоорубуз тууралуу кененирээк айтып беребиз.