Жаңылыктар

"Step Up" долбоорунун алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары

Жумушчу сапардын максаты калкка Долбоордун максаттары, милдеттери жана күтүлүп жаткан натыйжалары жөнүндө маалымат берүү жана “Start Up” чакан гранттар программасына Билдирменин кабыл алуу мөөнөтүнүн башталышын жарыялоо болду.
Сапардын жүрүшүндө кесиптик лицейлердин, мектеп-интернаттардын, азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын жана дүлөй балдар үчүн Кара-Суу адистештирилген балдар бакчасынын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулду.
“Step Up” –“Кадам ташта” долбоору РДФ коомдук фонду тарабынан Европа Бирлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.