RDFтин Байкоочу Кеңешинин жылдык жыйыны
2025-жылдын 16-январында RDFтин Байкоочу Кеңешинин (БК) жылдык жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндɵ уюмдун жыл ичиндеги ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери боюнча маалыматтар берилди.
Талкуу учурунда жергиликтүү жамааттарды тартуу, мамлекеттик органдар менен ɵз ара аракеттенүү, укуктук аудит маселелери жана башка маанилүү темалар каралды. БК тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында тиешелүү сунуштар жана кеп-кеңештер берилди. Бул талкуу бизге көйгөйлүү маселелерди аныктап, демилгелерибиздин актуалдуулугун дагы бир жолу карап чыгууга мүмкүнчүлүк түздү.
Жолугушууга: Кыргызстандын белгилүү тарыхчы-этнографы, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Антропологдор ассоциациясынын мүчөсү Амантур Жапаров, Green Alliance KG уюмунун мурдагы аткаруучу директору Ильгиз Камбаров (онлайн), кыргыздын салттык билими боюнча китептердин автору, кыргыздардын салттык маданияты боюнча эксперт Жылдыз Тилекеева, “Step Up” долбоорунун Координациялык кеңешинин төрөайымы, Кыргызстандын Билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлү жана Коомдук бирикме "Профтех Кейджи" башкармалыгынын төрөайымы Орозакунова Бегайым катышышты.
БК тарабынан RDFтин долбоорлору өлкөнүн региондорун, айыл жергелерин өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ экендиги баса белгиленди. «RDF актуалдуу маселелер боюнча долбоорлорду ишке ашырууга гана эмес, алардын иштөө ыкмаларын үзгүлтүксүз жакшыртууга, жаштар менен болгон интерактивдүү байланыштарды кеңейтүүгө да умтулат» деп бааланды.
Бардык катышуучуларга жана конокторго терең ыраазычылык билдиребиз!