Жаңылыктар

"Азык-түлүк алуу укугу" долбоорунун аяктоосу

31-декабрда DCA долбоору “Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн токойдун жанында жашаган аялуу жамааттарга мүмкүнчүлүк берүү” долбоору аяктады.


Ушул долбоордун алкагында РДФ төмөнкүдөй негизги иш-чараларды жүргүздү:


-Улуттук парктын, токой чарбасынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар менен жолугушуулар өткөрүлдү;

- Жергиликтүү калктын токой ресурстарына жеткиликтүүлүгү маселелери боюнча изилдөө жүргүзүлдү;

- Жамааттардын мүчөлөрү менен биргеликте жылдык пландардан эң жогорку артыкчылыктуу иш-чаралар аныкталды;

- Бак-дарак отургузуу жана питомниктерди күтүү боюнча көрсөтмөлөр, коомдук инвентаризация жүргүзүү жана токой ресурстарынын абалына биргелешкен мониторинг жүргүзүү методикасы иштелип чыккан;

- Эки максаттуу жамааттын азык-түлүк коопсуздугуна жана тамактануусуна баа берилди;

- Чоңдор жана балдар үчүн тамактануунун сапатын жогорулатуу үчүн комикс иштелип чыккан;

- Коомчулуктун потенциалын аныктоо максатында токой ресурстарынын физикалык жеткиликтүүлүгүн жана абалын эске алуу менен жамааттардын карталарын жүргүздү.