Жаңылыктар

Кыргызстан UNCCD Silk Road Caravan эстафетасын расмий түрдө кабыл алды!

«Жибек жолу» Кербенинин Кыргызстандагы этабы: Бишкектеги саясий диалогдон Ысык-Көлдүн жайыттарына чейин

БУУнун чөлдөшүүгө каршы күрөшүү боюнча Конвенциясынын (UNCCD) эл аралык «Жибек жолу» Кербени ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн, эксперттерди жана жергиликтүү жамааттарды жайыттарды жана жерлерди туруктуу башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн бириктирет.

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, ошондой эле ILC Asia Улуттук коалициясынын мүчөлөрү климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана жайыттарды сактоо боюнча маанилүү диалогго катышуу үчүн келген эл аралык Кербендин катышуучуларын тосуп алды. Кербендин алкагында 5 күндүк интенсивдүү иш жана маданий алмашуу өтүү.
Бишкекте UNCCD Silk Road Caravan алкагында катышуучулар КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары менен жолугушту. Тараптар жайыттардагы климаттык чакырыктарды жана жергиликтүү жамааттардын салттуу билимдеринин маанилүүлүгүн талкуулашты. Катышуучулар жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча практикалык чечимдерди — жайыттарды башкаруу пландарынан баштап, суу үнөмдөөчү технологияларга жана министрлик менен биргеликте БУУӨП колдоо көрсөтүп жаткан автоматташтырылган «Э-Жайыт» системасына чейин — талкуулашты.
Кербендин маршруту андан ары Ысык-Көл облусуна жалгашты. Бул жерде катышуучулар жерлердин деградациясынан коргоонун жергиликтүү ыкмалары, элдик кол өнөрчүлүк жана тоо ландшафттарынын табигый ресурстарын сактоодо жергиликтүү жамааттардын тажрыйбасы менен таанышып жатышат.

Кербендин Кыргызстандагы этабы (15–20-июнь) — Эр-Рияддагы COP16дан Улан-Баторго (17–28-август) өтүүчү COP17ге чейинки кербендин жалпы жолунун бир бөлүгү.

Айылдык өнүгүү фонду (RDF) Министрликке колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет!