Жаңылыктар

Сүрөтчүлөр сынагынын жыйынтыгы

Сүрөт сынагынын жыйынтыгын чыгарабыз🎨
"Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбаны колдоо - Go Green" долбоорунун алкагында🌿

Калыстар тобунун кароосуна Кыргызстандын бардык аймактарынан живопись, графика, цифралык живопись сыяктуу көркөм сүрөт өнөрүнүн түрлөрү боюнча жалпысынан 148 эмгек келип түшкөн.
Көркөм чыгармаларды тандоо боюнча комиссиянын курамына:
* Бондаренко Олег Ярославович - Кыргызстандын китеп басып чыгаруучулар жана китеп таркатуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору;
* Алмакүчүков Кеңешбек Мукашевич – «Борбордук Азия – Arts Management» КФнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү;
* Кутуева Гүлмира – сүрөтчү-дизайнер, “Кеңеш” студиясынын негиздөөчүсү, прикладдык искусство боюнча эксперт-изилдөөчү;
* Алакунов Айып Аманович - Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын окутуучусу, сүрөтчүсү. Т.С.Садыкова,
* Мидинова Бактыгул — Ош областтык сурет искусство музейинин директору.
Көрсөтүлгөн эмгектер, эксперттердин, комиссиянын мүчөлөрүнүн айтымында, абдан кызыктуу, кээде профессионалдык деңгээлде да болуп, жаш сүрөтчүлөрүбүздүн айткысы келген билдирүүсү тууралуу ойлонууга түрткү болду.

Комиссиянын чечими менен 4 иш тандалды:
1-орун - Таалайбекова Перизат - "Дары чөпкө кам көр", б. Нарын областынын Жумгал районундагы Чаек орто мектеби им. Ногойбаева🥇
2-орун - Сагымбаева Айша - "Апаке", Бишкек ш., №72 мектеп-гимназия🥈
3-орун - Маматова Айнура, "Жашыл Кыргызстан", Ноокат, Ноокат райондук көркөм сүрөт мектеп-интернаты🥉
3-орун - Улан кызы Каныкей - "Адам менен жаратылыш бир", Ош, ОшМУнун бүтүрүүчүсү🥉
Бардык катышуучуларга ыраазычылк билдиребиз!