Жаңылыктар

Ак илбирсти жана анын жашаган жерин сактап калуу үчүн аксакалдар жана жаштар!

Долбоордун максаты:
Ак илбирсти жана анын жашаган чөйрөсүн сактоо жана коргоо, маданий жана руханий тажрыйбаны практиктер арасында, жергиликтүү коомчулуктун аксакалдары менен жаштарынын ортосунда, студенттер менен жергиликтүү калктын ортосунда диалог түзүү аркылуу “LOSL достору” деп аталган демилгелерди көтөрүү.
Мөөнөтү: 15-июнь 2019-ж. - 14.07.2020
Мүчөлөр:
Топтун жетекчиси Раимбеков Жапаркул - руханий практик
Кутман - акын-импровизатор
Темирбекова Гүлмира - координатор
Өнөктөштөр:
«Кыргыз Эл Акыл казына» жайыт тармагы (KEAK - салттуу билимдин ишенимдүү сактоочулары)
Жергиликтүү аксакалдар кеңеши
Жергиликтуу аялдар комитети, жаштар комитети
Жергиликтүү бийлик, мектептер, окуу жайлары
КИДК "Айкөл"
Күтүлгөн жыйынтыктар:

Калкка ак илбирстин ыйык мааниси, тыюу салуулар, ак илбирстин жаратылыш чөйрөсүнө байланыштуу флора жана фауна үчүн ТК жөнүндө маалымат берилет.

Жергиликтүү бейөкмөт уюмдар, коомчулуктун лидерлери, аялдар жана жаштар комитеттери, массалык маалымат каражаттары LOSLдин катышуучу өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгү жана демилгелери тууралуу кабардар болушат.

Ак илбирсти сактоо боюнча Жапаркул жана РДФ баштаган демилгелерди колдоо үчүн “LOSL досторунун” топтору түзүлөт.

Жапаркул катышкан теле-радио берүүлөр, жергиликтүү гезиттерге интервьюлар берилет.

Жыйындар жергиликтүү жамааттарда, окуу жайларда өткөрүлөт