Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Президентинин Атайын өкүлү «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» Тоо өнөктөштүгүнүн мүчөлөрү менен талкуулады

«Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата аракеттердин беш жылдыгы» Жол картасынын долбоорун КР Президентинин атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев жана Кыргызстандагы Тоо өнөктөштүгүнүн мүчөлөрү Rural Development Fund («Айылды өнүктүрүү фонду») коомдук фондунун кеңсесинде 2023-жылдын 2 март күнү талкуулашты.

Эксперттик жыйынды ачып жатып, Президенттин атайын өкүлү тоо беш жылдык планын жарыялоо демилгеси Президент Садыр Жапаровго таандык экенин эске салды. Бул тууралуу ал 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебатында билдирди. 2022-жылдын 14-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы бир добуштан «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын кабыл алып, 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» деп жарыялаган.

Жыйындын демилгечиси учурда Жол картасынын долбоору мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, көз карандысыз эксперттердин жана чыгармачыл интеллигенциянын катышуусунда ар кайсы жерлерде талкууланып жатканын билдирди. Ал ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында АКШда өткөн 6-Глобалдык Тоо өнөктөштүгүнүн жыйынынын алкагында Тоо өнөктөштүгүнүн Жетектөөчү комитетине шайлоолор өткөнүн белгиледи. Кыргыз Республикасы жогоруда аталган органга биринчи жолу шайланып, өлкөбүздүн атынан Н. Айтмурзаев катышууда.

Атайын өкүлдүн айтымында, Тоо өнөктөштүгүнүн мүчөлөрдүн жыйыны «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин» Жол картасынын долбоору боюнча сын-пикирлерди эске алууга мүмкүндүк берет. Тоолуу аймактарды өнүктүрүү суроолорду актуалдуу деңгээлге жеткирүү, пикирлеш адамдарды табуу максатында мамлекет идеяларга жана сунуштарга ачык экенин жарыялады. Жооп иретинде жыйындын катышуучулары иш-чаранын уюштурулушуна ыраазычылыктарын билдиришип, өз сунуштарын айтышты.

Тоо өнөктөштүгү 480ден ашык мүчөнү, анын ичинде 63 мамлекетти бириктирет. Ал 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун тоолуу элдер жана айлана-чөйрө боюнча иш алып барган өнөктөштөрүнүн ыктыярдуу альянсы катары түзүлгөн. «Айылды өнүктүрүү фонду» бул эл аралык уюмдун мүчөсү.