Жаңылыктар

Долбоордун базалык изилдөөсү: Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын башкарууда туруктуу экосистемалык трансформация (UET NRM)

Жашыл Климат Фондусу боюнча долбоордук сунушту жана долбоорду иштеп чыгуунун алкагында жашоочулардын жашоо-турмушу жөнүндө баштапкы сурамжылоону жүргүзүү үчүн ФАО менен Айылды өнүктүрүү фондунун ортосунда Макулдашууга кол коюлду.

Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин ыңгайлаштырууга жана азайтууга багытталган бул долбоор экосистемага жана жаратылыш ресурстарын башкарууга коомчулуктун мамилесине негизделген.

Изилдөөнүн максаты - үй чарбалары, негизги жашоо булактары, жалпысынан, пилоттук участоктордо калктын жыргалчылыгы жөнүндө негизги маалыматтарды чогултуу жана талдоо.

Изилдөөнүн негизги максаттары:
- Техникалык Сунуштун талаптарына ылайык негизги маалыматтарды чогултуу.

- Жергиликтүү жамааттардын жана үй чарбаларынын жашоо тиричилигин колдогон табигый ресурстардын ортосундагы өз ара мамилелерди талдоо, бул топторго басым жасоо: (i) климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан табигый ресурстардын деградациясына өзгөчө алсыз; жана (ii) айрым социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө байланыштуу жаратылыш ресурстарына жеткиликтүүлүк жана долбоордук мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүк.

- Жергиликтүү калктын, үй чарбаларынын жана жамааттарынын туруктуулук потенциалын жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу стресстерге жана шоктарга туруштук берүү стратегияларын баалоо.

Изилдөө Кыргыз Республикасынын төмөнкү аймактарында жүргүзүлгөн: Сузак району; Өзгөн району, Тогу Торо району; Ак Талин району; Токтогул району; Талас областы; Бакай-Ата району; Жайыл району.