Жаңылыктар

Өлкөнүн фермерлери үчүн тренингдер өткөрүлдү

Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын дыйкандары үчүн “Жашыл чарбага кызыгууну арттыруу жана салттуу экологиялык билимдерди кайра жаратуу” темасында бир катар тренингдер өткөрүлдү.
Бул иш-чаралардын катышуучулары дыйкандар, анын ичинде кадырлуу аксакалдар, аялдар, жаштар; ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү кеңештердин, жайыт комитеттеринин, токой чарба структураларынын өкүлдөрү болду. Жалпысынан 180ге жакын адам интерактивдүү форматта, топтук иш менен жаңы билим жана көндүмдөрдү алышты. Иш-чаралар 2022-жылдын 9-23-июнь күндөрү Баткен, Бишкек, Ош, Талас шаарларында жана Ала-Бука районунун борборунда, андан соң Каракол шаарында жана Кочкор районунун борборунда 2022-жылдын 5-8-июлунда өткөрүлдү.
Тренингдер Европа Биримдигинин колдоосу менен Go Green долбоорунун алкагында фермерлердин коомчулугунда жашыл айыл чарбага кызыгууну жайылтуу, ошондой эле салттуу билимдерди сактоо жана колдонуу боюнча фермерлердин маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Go Green долбоорунун максаты – биологиялык ар түрдүүлүктү урматтаган, өндүрүштү экологиялык көйгөйлөргө ыңгайлаштырган, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуучу жана социалдык жана жергиликтүү агро-ишканаларды түзүүгө көмөктөшүүчү айыл чарбалык нарк чынжырчасынын моделин иштеп чыгуу аркылуу климаттын өзгөрүшүн жумшартууга салым кошуу болуп саналат. Долбоордун концепциясында өзгөчө орунду аялдар, жаштар, алардын тажрыйбасы, алган сабактары ээлейт.