Жаңылыктар

РДФ командасы "Кымыз Фест" көргөзмөсүнө катышты

РДФ командасы иш-чарага катышып, 5-августта Чуңкурчак аймагында өткөн Кымыз Фест көргөзмөсүнүн бир бөлүгү болгондугу тууралуу кабарды сиздер менен бөлүшүүгө кубанычтабыз. Бул иш-чаранын алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген кымыздардын көргөзмөсү, ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн жана органикалык өндүрүшчүлөрдүн буюмдары көрсөтүлдү. Бул иш-чарага «Бирлик» ассоциациясы активдүү катышып, өз продукциясын тартуулады.

Ассоциациянын мүчөлөрүнүн бири «Аманат Өмүр» КФсы да өз продукциясын, анын ичинде дары-дармек өсүмдүктөрүн тартуулады. Иш-чарада «Бирлик» Ассоциациясынын стенди абдан популярдуу болуп, көптөгөн адамдар дары чөптөр жана Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө кызыгып, мындан аркы баарлашуу жана кызматташуу үчүн байланыштар менен бөлүшүштү.

Ошондой эле, «Кымыз Фесттин» алкагында майрамдын көркүн арттырган концерттик программа тартууланды.

“Бирлик” ассоциациясы кымызды салттуу суусундук жана улуттук маданияттын бир бөлүгү катары жайылтууну колдойт.