Жаңылыктар

Go Green долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы

Жыйынтыктоочу иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун жетекчиси Уран Жунусов белгилегендей, долбоор чакырыктарды мүмкүнчүлүккө айландыруу саясатын жүргүзүүгө жетишти, жаңы жумуш орундары түзүлдү, "жашыл көндүмдөр" алынды, жергиликтүү фермерлердин, кесиптик лицейлердин техникалык колдоосу региондордун социалдык-экономикалык, билим берүү потенциалынын өсүшүнүн жакшы таянычы боло алат.

Долбоордун климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар аялдардын активдүү катышуусу жана жаштар топторунун чечим кабыл алуу процесстерине бирдей аралашуусу үчүн шарттарды түзгөн аспекттери айтылды.
Үмүт берген "Бирлик" санариптик тиркемеси, "Бирлик"ассоциациясынын саясаты өзүнчө презентацияланды. Фермерлердин дары чөптөрдөн жасалган "жашыл" продуктуларынын чакан көргөзмөсү, "куурма чай" жана дары чөптөр менен курута жасоонун мастер-класстары баарына жакты.

Жыйынтыктоочу иш-чаранын бардык катышуучулары бир пикирге келишти, климаттык кризис жашоонун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизет, ага жергиликтүү биологиялык ар түрдүүлүктү коргоону күчөтүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү жоготууну кыскартуу боюнча кейстерди көбөйтүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануунун салттуу механизмдерин жандандыруу, жаңы көндүмдөр жана кесиптер аркылуу келечек муунду чакырыктарга ылайыкташтыруу, ошондой эле окумуштуулар, эксперттер, биздин мамлекеттик түзүмдөр менен биргеликте ЦДСке багытталган бизнес-долбоорлорду жүргүзүү керек.