Жаңылыктар

РДФ Чычкан капчыгайын сактоо боюнча активисттер менен жолугушту

Чычкан капчыгайын башкаруу боюнча кызыкдар тараптар менен бир катар кызыктуу жолугушуулар өткөрүлдү. Алар райадминистрация, ДЭУнун, Токтогул токой чарбасынын кызматкерлери, Бишкек-Ош унаа жолундагы кафелердин өкүлдөрү, экологиялык күзөт кызматы, балчылар, мөмө-жемиш тергендер жана башка токой пайдалануучулар.

Сапардын максаты абдан маанилүү болду: чакан гранттар программасын талкуулоо жана Чычкан капчыгайын жакшыртууга багытталган жергиликтүү демилгелерди колдоо мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Чычкан капчыгайын жакшыртуу боюнча демилгелер, идеялар жана сунуштар талкууланып, Чычкандын гүлдөп, коопсуз болушун каалаган жергиликтүү тургундар, жаштар жана аялдар топтору, бизнес чөйрөлөр тарабынан сунушталды. Алардын биологиялык ар түрдүүлүктү жана жаратылышты сактоого болгон умтулуусу, өздөрүнүн туулган жерлерине болгон дилгирлиги жана сүйүүсү бизди Чычкан капчыгайында туруктуу жана экологиялык таза чөйрөнү түзүү үчүн биргелешип иштөөгө шыктандырат.
Долбоордун Чакан гранттар программасы кызыкдар тараптардын демилгелерин ишке ашырууда маанилүү роль ойнойт, бул аймактын жаратылышын жана маданий мурастарын сактоого салым кошуу мүмкүнчүлүгү. Бул демилгелердин/кичи долбоорлордун жыйынтыгы күзүндө Токтогул райондук администрациясы менен биргеликте өткөрүлүүчү иш-чараларда көрсөтүлөт деп ишенебиз.
Жолугушууларыбызга активдүү катышып, биздин долбоорду колдогондордун баарына ыраазычылык билдиребиз! Биз биргеликте Чычкан капчыгайын ого бетер кооздоп, анын кооздугун, жаратылыш байлыгын келечек муундар үчүн сактап кала алабыз деп ишенебиз.